Жазаны аткаруу кызматы социалдык тармактарда тараган маалыматтарды четке кагып, алардын негизсиз экенин билдирди. Аталган маалыматтар боюнча Эльдар Жакыпбеков СИЗОдо смартфон колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экени айтылган.

Ведомство тарабынан берилген маалыматка ылайык, Жакыпбековдун смартфон менен пайдаланып жаткандыгы тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка шайкеш келбейт. Учурда ал Бишкек шаарындагы УКНБнын башкармалыгынын мурдагы башчысы менен бир камерада кармалууда.