БУУнун жаңылык кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө дүйнө калкынын жарымынын жашы 30 жашка чейинки жетет. Он жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 57%га жетери болжолдонууда.

Жаштардын эл аралык күнү «Ар түрдүү шарттар, бирдиктүү үмүттөр» деген теманын алдында өтүүдө. Бириккен Улуттар Уюму жаштар эл дүйнө жүзүндөгү ар кандай шарттарга карабастан артыкчылыктуу максаттарга ээ болгонун белгилейт.

"Жаштар ар кайсы өлкөлөрдө өзүнчө проблемаларга туш болушат: экономикалык туңгуюк, теңсиздик жана климаттын өзгөрүшү. Бирок алар бардыгы бирдей жакшы жашоону тандап, коомдо активдүү болууну жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн каалашат", — деди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш

Гутерриш жаштарды жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде чечимдерди кабыл алууга кеңири катышууга чакырды. Ал ошондой эле жаштар келечекте керектелчү критикалык ой жүгүртүү, көйгөйлөрдү чечүү жана санариптик сабаттуулук сыяктуу көндүмдөрдү өнүктүрүшү керектигин белгиледи.

Баш катчынын айтымында, жаштар буга чейин лидерлер жана инновациячыллар катары аракеттенип жатышат. Бирок алар менен тең өнөктөштүктү түзүү эл аралык коомчулуктун ишине дагы да чоң жардам берет.