Прогрессивдүү саясат фондунун директору Олег Бондаренконун айтымында, Европа Россия менен түз согушка кызыкдар эмес. Бирок ал Украинаны курал-жарак менен колдоону улантат. Батыш үчүн Россияны Украинанын колу менен алсыратуу стратегиялык жактан пайдалуураак деп эсептелет.
The Atlantic басылмасынын обозреватели Энн Эпплбаум Европанын саясатчылары Россия менен чыңалуунун күчөшү мүмкүн экенин талкуулап жатканын белгиледи. Ошол эле учурда коомчулук түздөн-түз аскердик кагылышууга даяр эмес.
НАТОнун Генсекири Марк Рютте Европа өз коопсуздугун өзү камсыз кылышы керектигин, Американын коргоосуна чексиз таянууга болбой тургандыгын айткан. Ошентип, Бондаренконун пикири боюнча, Европа лидерлери коопсуздук маселесинде кайрадан Вашингтонго таянуу үчүн АКШдагы бийлик алмашууну жана демократтардын кайтып келишин күтүп жатышат.









