Microsoft Windows 11деги издөө тутумун чоң жаңыртты. Эн негизги жаңылык катары издөө натыйжаларынан жарнамалык материалдарды толугу менен жоюу киргизилди.
Компаниянын блогунда билдиргендей, издөө интерфейси аз визуалдык элементтер менен минималисттик формада жаңыртылды. Андан улам, колдонуучулар мурунку издөөлөрүнө тезирээк кайта алышат.
Жаңы структура издөө натыйжаларынын булагын ачык көрсөтөт – ал жерде колдонмо, системанын жөндөөлөрү, жергиликтүү файлдар, веб-баракчалар же Microsoft Store дүкөнүндөгү сунуштар болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, Microsoft жарнамалык сунуштарды толугу менен алып салды. Бул жаңыртуу издөөдө керексиз элементтерди азайтып, эң маанилүү жана тиешелүү жыйынтыктарды көрсөтүүгө багытталды.
Колдонуучуларга интернет же Microsoft Store дүкөнүнүн сунуштарын башкаруу мүмкүнчүлүктөрү берилди. Жөндөөлөрдө мындай сунуштарды жергиликтүү натыйжалар менен бирдикте көргүбүз келеби деген тандоо пайда болду.
Издөө жөндөөлөрү да жакшыртылды: эгер компьютерде ылайыктуу файл, колдонмо же жөндөө болсо, алар интернет же колдонмо дүкөнүндөгү натыйжалардан жогору орунга коюлат.
Ошол эле учурда, колдонмолорду издөөдө каталарды таануу жана тууралоо оңдолду: системанын сапаттуу иштеши үчүн опечаткаларды, жетишсиз символдорду жана толук эмес сөздөрдү жакшыраак таанып жатат.











