АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдүн Овалдык кабинетине «улуттук эстелик» макамын ыйгарды. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.
Тиешелүү документке 5-ноябрда — республикачылар Конгресстеги аралык шайлоодо жеңилгенден эки күн өткөндөн кийин кол коюлган.
Трамптын буйругун дагы эле Конгресс ратификациялашы керек. Эгерде ал ишке ашса, АКШнын жаңы президенттери Овалдык кабинеттин ички көрүнүшүнө өзгөртүү киргизе алышпайт.
Трамптын өзү Ак үйгө кайтып келгенде президенттик резиденцияда көп нерсени өзгөрткөн, анын ичинде Овалдык кабинетке көп сандаган алтын жасалгалар кошулган.










