Афганистандын көптөгөн аймактарында жаңы чектөөлөр киргизилди. Эми эркек дарыгерлер аялдарды текшерүүдө же дарылоодо жанында сөзсүз түрдө эркек-камкорчу (махрам) болушу шарт. Бул эреже медициналык жардам өтө шашылыш болгон учурларда да бузулбайт.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, Талибандын өкүлдөрү клиникаларды текшерип, эгерде аял-бейтаптар табылып калса, дарыгерлерди түрмөгө камоо менен коркутууда. Медиктер белгиленген шарттарды сактабай аялдарды текшерүүгө же тез жардам көрсөтүүгө мүмкүн эмес экенин билдиришет.

Абалды аял-дарыгерлердин жетишсиздиги да татаалдаштырууда. 2024-жылдын декабрь айынан бери афганистандык аялдарга медициналык окуу жайларда билим алууга тыюу салынган. Ошондой эле ооруканаларга аялдарды жумушка алууга чектөө коюлгандыгы маалымдалууда.

Айта кетүүчү нерсе, эркектердин аялдарды дарылоосуна тыюу салынгандыгы тууралуу расмий түрдө жалпы улуттук деңгээлде жарыя берилген эмес. Бул чектөөлөр медицина кызматкерлери жана бейтап аялдар тарабынан байкалган иш жүзүндөгү бөгөт болуп саналат.