Темирлан Султанбеков 14-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотундагы жыйында журналисттерге кайрылып, соттук иштин ачык өтүүсүн талап кылды.
Ал иштин тергелиши сегиз айга созулуп, ага 62 тергөөчү катышканын белгиледи. Султанбековдун айтымында, «Ташиевдин иши эки айда эле тергелип, бир айдын ичинде соттолгон. Канчалык ири иштерде мынча тергөөчү болбосо керек. Эми ачык соттук отурумда күнөөнү далилдеп берсиндер. Биз эч нерсени жашырбайбыз жана ачык соттон коркпойбуз. Жалгыз жабык отурумдардын себеби — далилдердин жоктугу».
Ошол эле күнү дагы бир айыпталуучу Кадырбек Атамбаев журналисттерге алардын күнөөсүздүгүн билдирип, камакта куугунтук жана мыйзамсыз аракеттер болгонун айтты. Ал эми Улуттук аткаруу кызматы бул айыптоолорду четке каккан.
Сот отуруму адвокаттын келбегени себептүү токтоп, кийинки жыйналыш 28-июлга белгиленди.















