Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр бюджетке талап кылынгандан көбүрөөк салык төлөгөн учурда эмне кылуу керектигин тактады. Ашыкча төлөнгөн деп иш жүзүндө төлөнгөн салык суммасы менен төлөнүүгө тийиш болгон сумманын ортосундагы оң айырма эсептелет. Бул эреже туумдарга, пайыздарга жана салыктык санкцияларга да тиешелүү. Бирок, Кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча ашыкча төлөмдөр Салык кодексинин 326–329-беренелери менен өзүнчө жөнгө салынат. Мисалы, эгер салык төлөөчү 10 миң сом төлөшү керек болсо, бирок ката кетирип 12 миң сом которгон болсо, анда 2 миң сом ашыкча төлөм болуп эсептелет.
Салык кызматы мындай сумманы салыктык милдеттенмелердин эсебине киргизүүгө же кайтарып алууга болорун белгиледи.
Эгерде салык төлөөчүдө карыз болсо, ашыкча төлөм биринчи кезекте ошол карызды жабууга багытталат. Алгач тиешелүү салык боюнча туумдар, пайыздар жана санкциялар, андан кийин башка салыктар боюнча карыз, андан кийин ошол салыктар боюнча туумдар, пайыздар жана санкциялар жабылат.
Ошол эле салык боюнча келечектеги төлөмдөрдүн эсебине ашыкча төлөмдү салык органы өз алдынча эсепке ала алат. Эгер башка салыктар боюнча карыз кийинчерээк пайда болсо, эсепке алуу автоматтык түрдө ал пайда болгон күндөн тартып жүргүзүлөт. Бул тууралуу салык төлөөчүгө он календардык күндүн ичинде билдирүү керек.
Эгерде карыз жок болсо же ал жабылган болсо, салык төлөөчү арыз берип, үч варианттын бирин тандай алат: ашыкча төлөмдү башка салыктар боюнча келечектеги милдеттенмелердин эсебине киргизүү, акчаны бирдиктүү салык эсебине которуу же...













