Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы кышында, өлкө коңшу мамлекеттерден электр сатып алууга мажбур болот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров электр энергиясын коңшулардан сураганы ичим батканын, бирок башка жол жок экенин айтты.

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда болжол менен 50 чакты кичи жана орто ГЭС курулуп, дагы 50гө жакыны курулуп жатканын кошумчалады.

Бирок электроэнергиянын керектөөсү өскөндүгү себептүү дефицит азыр да сакталып жатат.

Ошондой эле, бүгүнкү күндөн тартып энергетика министри электр тармагындагы абал тууралуу калкка күн сайын маалымдама берүүгө киришээрин белгиледи.