Россиянын Тышкы иштер министрлиги Украина менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө тышкы тараптардын катышуусу зарыл экенин билдирди. Украинанын өз алдынча мындай келишимдерди жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү чектелүү, анткени акыркы чечимдер Киевден тышкары кабыл алынат.

Мындай пикирди Россиянын ТИМинин өкүлү Мирошник билдирди. Ал сүйлөшүү процессине ар тараптан көзөмөл жүргүзүү, башкарууну кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи.