Россияда 2026-жылдын январь айынан июнь айына чейин мигранттар тарабынан жасалган кылмыштардын саны болжол менен 14 миң 449ке жетти.

Алардын ичинен 11 миң 861 кылмыш КМШ өлкөлөрүнүн жарандары тарабынан жасалган.

КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын кылмыш жасашы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 41,2 пайызга азайды.

Ошондой эле, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарга карата жасалган кылмыштардын саны 3 миң 880ди түзүп, бул көрсөткүч мурунку жылдын убактысына караганда 18,2 пайызга азайган.