АКШнын Пенсильвания штатынын Эри шаарындагы жеке турак үйдө 10-октябрга караган түнү атышуу болуп, анын кесепетинен тогуз адам каза тапты. Бул тууралуу CBS телеканалынын KBTX филиалы полициянын маалыматына таянып билдирди.
Окуя болгон жерге барган укук коргоо органдарынын кызматкерлери каза болгондордун сөөгүн табышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү адам окуядан кийин дароо өз жанын кыйган.
Учурда укук коргоо органдары окуянын себептерин жана жагдайларын иликтеп жатышат. Тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат айтыла элек.









