Ош шаарында абанын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүп, кызматтар аномалдуу ысыкка каршы аракеттери көрүлүүдө.

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы атайын техника менен шаар көчөлөрүн суу менен сугарууда. Бул иштердин негизги максаты - асмандагы ысыкты түшүрүп, шаардын басымдуу бөлүгүндөгү чаңды азайтуу.

Ош шаардык мэриясы жарыялаган маалыматка караганда, учурдагы суугаруу иштери тургундардын ыңгайлуу шартта болуусуна багытталган.

Кыргызстанда 14-июлдан 18-июлга чейин температура абдан жогору болуп, Ош, Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен областтарында күндүз +38…+40 градуска чейин жетет.

16-июлдан 18-июлга чейин айрым аймактарда, анын ичинде Ошто, температура +41…+43 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө.