Москвада полиция кызматкерлери «Систерс» клубунда өтүп жаткан транс-мигранттардын кечесин токтотуп, бир топ адамдарды кармады. Mash Telegram-каналынын маалыматына ылайык, кече учурунда имараттан 12 жыныстык кызмат көрсөтүүчү чыгарылган.

Жаштардын тобу борбор шаардагы клубда бир досунун туулган күнүнө карата жабык кече уюштуруп, чогулуптыр. Кармалган адамдардын арасында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар экени айтылууда.

Аталган мигранттар Россияда миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн жана интимдик кызматтарды көрсөткөн деп айтылууда. Учурда кармалган жарандарды өлкөдөн чыгаруу пландалууда.