Москвада кыргыздын салттуу баш кийими элечек тууралуу маданий кеча болуп өттү.

Иш чарада катышуучуларга ар кандай элечек түрлөрү жана аны тагынуу өзгөчөлүгү көрсөтүлдү.

Ошондой эле кыргыз улуттук кийимдеринин фотокөргөзмөсү уюштурулуп, маданий мурастарга болгон кызыгуу көбөйтүлдү.

Айрыкча жаштардын кыргыздын салттарына жана маданиятына болгон кызыгуусу өзгөчө баса белгиленди.