Кыргызстандык сүрөтчү, КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү жана «Кунг-Фу Нят-Нам цыгун» коомдук бирикмесинин президенти Бузурманкул Мырзалиев президент Садыр Жапаровдун өлкө үчүн иштеп жатканын белгиледи.
Президент чындап эле аракет кылып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштеп жатат
Ал экономиканын өсүшү, инвестициялардын активдүү келиши, масштабдуу курулуш иштери, жол тармагынын жаңыланышы жана пенсиялардын жогорулашы сыяктуу көрүнүктүү натыйжалар үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.
Өнөр жай жана баа көзөмөлү — башкы милдет
Сүрөтчүнүн пикири боюнча, жакынкы келечекте улуттук өнөр жайды өнүктүрүү жана азык-түлүк бааларын, айрыкча эттин баасын көзөмөлдөө негизги маселелерден болушу керек.











