Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев СМИ өкүлдөрүнө өзүнүн иш кабинетин көрсөттү. Ал кабинет мурда президент Садыр Жапаровдун жана анын администрациясынын пайдаланган бөлмөсү болгон.
Кулубаевдин айтымында, кабинеттеги компьютер, мебель сыяктуу нерселер мурдагы абалында сакталып калган. Жалгыз жаңылык катары ТИМдин желеги ал жерде кошулган.
Белгилей кетсек, 2024-жылы тышкы иштер министрлиги өкмөттүн имаратында жайгашканына байланыштуу бул кабинетке көчкөн. Ал эми бул имаратта «Ынтымак Ордо» курулганга чейин президент администрациясы жайгашкан.














