Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Хэцзэ провинциясынын Шаньдун шаарында катталган «Хэцзэская группа по городскому строительно-инженерному развитию» жоопкерчилиги чектелген компаниясын өлкөдө иштетүүгө укуктуу чет өлкөлүк компаниялардын тизмесине кошту. Бул компаниянын курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө берген лицензиясы Кыргызстандын аймагында бир тараптуу тартипте таанылат.
Кыргызстандын курулуш министрлиги дагы бир кытайлык компаниянын лицензиясын тааныды
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кытайлык курулуш компаниясынын лицензиясын расмий түрдө тааныды. Бул чечим чет өлкөлүк компаниялардын курулуш тармагындагы иштерин легалдаштыруу максатында кабыл алынды.
