Кыргызстандык ишкерлер Түркмөнстандын Мамлекеттик товарлык-чийки заттар биржасында соода жүргүзүп, жергиликтүү текстиль продукциясын сатып алышты.

Ошол жыйынтыгында эки келишим түзүлүп, алардын жалпы суммасы 21 миң 796,70 долларды түздү.

Андан мурун кыргызстандык ишкерлер менен Түркмөнстандык компаниялар арасында тексиль продукциясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз Республикасына текстиль продукттарын экспорттоону камтыган контракттарга кол коюлду.