12-13-октябрда Бишкектеги Улуттук эне жана бала коргоо борборунун базасында (Джал кичирайону) тубаса өнүгүү кемтиги бар балдарды Германиянын клиникаларында акысыз дарылоого тандоо өтөт. Бул — Friedensdorf International эл аралык кайрымдуулук уюмунун катышуусундагы 10-ирет өтүп жаткан акция.
Акция Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен «Вместе к здоровью» коомдук фондунун ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында өткөрүлөт.
Кыргызстандагы акциялардын негизги милдети — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү оорулуу балдарга жардам берүү: ата-энелерге кеңеш берүү, диагностика жана операциялык дарылоо үчүн балдарды Германияга акысыз тандоо.
«Вместе к здоровью» фонду 12 жылдан бери бардык аймактарда кароолорду өткөрүп келет. Тандоонун негизги критерийи — патологияны Кыргызстандын клиникаларында дарылоо мүмкүн эместиги.
Акцияга ар кандай дарты бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн балдар чакырылат. Адистер кеңеш берип, андан ары диагностика жана операциялык дарылоо үчүн балдарды Германияга акысыз тандоону жүргүзүшөт.
Дарек: Улуттук эне жана бала коргоо борбору, Джал, Бишкек.






