Sputnik Кыргызстандын маалыматына ылайык, автоунаа сатуучу адистештирилген autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарындагы жарыялардын негизинде баалардын өзгөрүшү изилденди. Анализ учурунда ар бир моделдин чыгарылган жылына жараша орточо баа көрсөткүчтөрү колдонулган.
Учурда рынокто баалардын багыты ар түрдүүлүгү байкалууда. Мисалы, Honda Fit I, Honda Jazz I жана Volkswagen Golf IV моделдери негизинен арзандаган болсо, Kia Morning III жана Toyota Prius IV автоунааларынын баасы жогорулаган.
Башка кичи автоунаалардын баасы чыгарылган жылына жараша ар кандай өзгөрүштөрдү көрсөттү. Ал эми доллар курсу мурунку анализ жүргүзүлгөн 17-октябрда болгон 87,45 сомдук деңгээлде сакталып турат.
Популярдуу кичи автоунаалардын тизмеси
- Daewoo Matiz I
- Kia Morning III
- Daewoo Nexia I
- Honda Fit I
- Hyundai Getz I
- Honda Jazz I
- Daewoo Matiz II
- Toyota Prius III
- Volkswagen Golf IV
- Toyota Prius IV









