Кыргызстанда пайдалуу казылмалардын өндүрүшү акыркы убакта 16%га өстү. Бул көрсөткүч металл рудаларын казуунун көбөйүшүнө байланыштуу экени маалым болду.
Мамлекеттик статистика комитетинин өнөр жай жана энергетика бөлүмүнүн башчысы Айнура Маманованын айтымында, көмүр өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу 8%га өсүп, дээрлик 2 миллион тоннага жетти. Бул 181 миң тоннага көбөйгөнүн билдирет.
Ошол эле учурда, чийки мунай жана табигый газдын өндүрүшү 8%га кыскарган.
Өндүрүштүн негизги көрсөткүчтөрү






















