Кыргызстанда өткөн алты айда курулуш материалдарын өндүрүү көрсөткүчү 33,4%га өскөн. Бул тууралуу 15-июлда Улуттук статистика комитетинин Өндүрүш жана энергетика статистика бөлүмүнүн башчысы Айнура Маманова билдирди.

Анын айтымында, өндүрүштөгү өсүш негизинен цемент жана цементтик буюмдардын көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыз болгон. Цементтик буюмдардын өндүрүшү 26,6%га, ал эми цементтин өзү 44%га өскөн.

Маманованын маалыматына караганда, акыркы алты айда республикада 2,426 миллион тонна цемент чыгарылган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 398 миң тоннага көп.