Кыргызстандын экономика министринин орун басары Султан Ахматовдун айтымында, өлкөдө электромобилдерди чогултуу үчүн жаңы заводду ачуу пландары бар.

Бул долбоор быйылкы жылы ишке кирсе, Кыргызстанда заманаиви транспортту өндүрүүчү биринчи ишкана пайда болушу ыктымал.

Заводдун ишке кириши экологиялык таза унааларды жайылтууга шарт түзүп, өлкөнүн технологиялык өнүгүүсүнө өбөлгө болот.