Кыргызстандын Мамлекеттик граждандык авиация агенттиги Кабинет министрлеринин алдында аэродромдорду сертификаттоо жаатындагы жаңы жобону коомдук талкууга койду. Аталган долбоордо сертификаттардын мөөнөтсүздүгү каралууда.

Азыркы учурда сертификаттар белгилүү мөөнөткө берилет жана мөөнөтү аяктаганда кайрадан сертификациядан өтүшү керек. Бул чара аэродромдордун чыныгы шарттарын эске албай, кайталап өтүп туруу талаптарын жаратат.

Жаңы долбоордо надзордук иштер риск-ориентирленген моделге негизделип, сертификатты мөөнөтсүз берүү каралган. Бирок бул сертификаттын жарактуу болушу үчүн эксплуатациячылар үзгүлтүксүз талаптарды аткарып, мамлекеттик көзөмөлдү өтүшү шарт.

  • Административдик жүктү азайтуу жана процедураларды жеңилдетүү
  • Сертификация жана мамлекеттик көзөмөлдүн сапатын жакшыртуу
  • ИАО тарабынан сунушталган эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү
  • Коопсуздук мониторингинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу

Бул өзгөрүүлөр өлкөдөгү авиация тармагында сапатты жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган стратегиялык кадам катары каралууда.