Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы тарыхый жана руханий байланышынын күчөшү акыркы жылдары маданият, билим берүү, искусство жаатындагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарды.

Бул өнөктөштүктүн белгилүү көрүнүштөрүнүн бири — Бакуда Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго тургузулгон эстелик.

2024-жылдын 24-апрелинде эстеликтин ачылыш аземинде эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев катышып, Айтматовдун эстелиги кыргыз жана азербайжан элинин достугунун, бир туугандыгынын жана бекем өнөктөштүгүнүн символу экенин белгилешти.

Ынтымакты мындан ары да бекемдөө максатында Бишкекте Гейдар Алиевдин ысымы берилген мектеп-гимназиясы иштеп жатат.

Бул мектеп-гимназия №20 болуп, 2022-жылдын 12-октябрында расмий түрдө аталып, учурда 63 класс менен 2000ден ашык окуучу билим алат.