Кыргызгидромет кызматы тоолуу райондордо сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу узарганын маалымдады.

9-июлдан 13-июлга чейин өлкө жери боюнча абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлөт.

Бул жагдай жергиликтүү дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Ранее по темеКыргызгидромет: 8-13-июлда тоолуу райондордо сел жана суу ташкыны коркунучу бар
Коопсуздук эрежелерин сактоого, сел кооптуулугу бар аймактарда этият болууга жана зарылчылык болбосо тоолуу жолдорго чыкпоого чакырабыз.
Кыргызгидромет кызматы