Кытайда Starlink спутниктерин жок кыла турган жаңы типтеги импульстук курал иштелип чыккан. Бул тууралуу Кытайдын Коргоо технологиялары улуттук университетинин илимпоздору High Power Laser and Particle Beams аттуу илимий журналда маалымдады.
Макалада айтылгандай, аталган куралдар 100 гигаваттка чейин күчтүү импульстун чыгара алышат. Бул жагдай алардын космостогу жабдууларды иштен чыгаруусуна шарт түзөт.
Илимпоздор технологиянын лабораториялык прототиптерден практикалык колдонууга чейин өнүккөнүн белгилешти, ошондой эле системалардын ишенимдүүлүгү жана узактыгы жакшырган.
Мындан тышкары, изилдөөчүлөр мындай куралдарды колдонуу наркы өзгөчө космостук курал-жарактарга караганда кыйла төмөн экенин баса белгилешти.

