Чүй облусунун экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын аймагынан мыйзамсыз дарак кесүү фактын аныкташты.

Аталган мыйзам бузуу боюнча зыяндын суммасы 95 369,88 сом деп эсептелип, ал дароо эле жарандан өндүрүлдү.

Мындан сырткары, мыйзам бузууга жол берген тургунга кайра мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында эскертүү берилди.

Бул иш чаралар жергиликтүү табиятты коргоо жана мыйзамсыз кесилген дарактарды азайтуу боюнча жүргүзүлүүдө.