Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо социалдык тармактагы баракчасына АКШ менен Россиянын ортосундагы дизель майын жеткирүү боюнча келишимге баа берип, бул келишим Европа Биримдигинин саясий жетекчилигинин канчалык деңгээлде акылсыздык көрсөткөнүн айгинелеп турганын жазды.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы макулдашуу ар бир тарапка өз пайдасын алып келет: АКШ арзан дизель майына ээ болсо, Россиянын бюджети киреше менен толукталат.

АКШда арзан дизель майы болот, Россияга бюджетке киреше келет, ал эми биз, Европа Биримдигинде, жек көрүүчүлүк согуш саясаты, санкциялар жана моралдык үгүттөө үчүн сыйлык катары үч евролук дизель майына, балким, анын тартыштыгына да туш болобуз.
Роберт Фицо, Словакиянын премьер-министри

Фицо мунун себебин Брюсселдин жүргүзүп жаткан саясатынан көрөт. Ал Евробиримдик отундун кымбатташы жана тартыштыгы менен күрөшүүгө аргасыз болуп жатканын, мунун баары санкциялардын жана «жек көрүүчүлүк согуш саясатынын» натыйжасы экенин баса белгиледи.