FIFA 2026-жылдын Дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши өтө турган MetLife стадионунун газонунун кичинекей бөлүктөрүн онлайн дүкөн аркылуу сатууга даярданууда.
Ар бир газон бөлүгү 450 долларга же 390 еврого бааланган жана анын өлчөмү 17,5×17,5×17,5 деп көрсөтүлөт. Бирок бул санды сантиметр же дюймдеп көрсөтүлгөнү так эмес.
Баардык бөлүктөр акрил каптамасында, ЧМ-2026 логотиби, оюндун орду, датасы жана акыркы эсеп менен кошо берилет. Андан тышкары, сатып алуучуларга USB-накопитель аркылуу аутентификацияланган сертификат да берилет.
Товарлардын жеткирүүсү азырынча АКШ жана Европа аймактары менен чектелет. Жеткирүү финалдык оюн аяктагандан кийин башталат.
FIFA бул кадамы менен күйөрмандарга футбол тарыхынын бир бөлүгүн колго кармоо мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатат.















