Европанын бир нече өлкөсүндө аскердик чыгымдарды жогорулатуу жана аскердик кызматтын чегине чектөөлөрдү алып салуу пландарына каршы жаштардын чоң нааразычылык акциялары өттү.
Номад ТВ каналынын маалыматы боюнча, нааразычылыктардын жүрүшү ар кайсы өлкөлөрдө ар башка мүнөздө өткөн. Мисалы, Швейцарияда миңдеген адамдар көчөгө чыгып, өз позицияларын билдиришти.
Берлинде акция полиция менен кагылышууларга алып келген болсо, Бельгияда студенттер өзүнчө нааразычылык билдирип, ыктыярдуу аскердик кызматка чакыруучу каттарды жарып, өртүнө салып жатышкан.
Европалык жаштар мамлекеттик бюджеттен аскердик максаттарга караганда билим берүүгө, социалдык программаларга жана коомдук кызматтарга көбүрөөк каражат бөлүшүүнү талап кылууда.







