АКШнын экс-президенти Джо Байден «Мага убада бер, Америка» аттуу мемуарларында Украинанын президенти Владимир Зеленски жөнүндө кескин пикир билдирген. Newsweek басмаканасынын кабарлоосуна ылайык, Байден украин лидерин «капризүү, өжөр жана жетиштүү түрдө ыраазычылык билдирбеген» деп атаган.

Байдендин бул бааларынын себеби Зеленскинин Вашингтондон дайыма кошумча курал-жарак жана каржылык жардам талап кылып турганы менен байланыштуу экени белгиленген.

Ошол эле учурда Россия тарап Украинага курал берүүнү «от менен ойноо» деп эсептейт. Кремлдеги билдирүүлөргө таянсак, Батыш тараптын мындай кадамдары сүйлөшүүлөргө көмөктөшпөйт жана терс натыйжаларга алып келет.