Бир нече булактардан алынган маалымат боюнча, жер титирөө 13:14тө катталган.
LastQuake платформасынын маалыматы боюнча, магнитуда 5,2ге жакын. Бирок Google маалыматында жер титирөөнүн магнитудасы 4,8 деп көрсөтүлгөн.
Жер титирөөнүн очогу Бишкектен 117 чакырым түштүк чыгышта жана Нарындан 82 чакырым түндүк батышта жайгашкан.
Очоктун тереңдиги болжол менен 6 чакырым.










