Бишкекте жайгашкан улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору «Сейтек» ири реконструкциядан кийин жаңы көрүнүштө ачылды. Бул борбордо сахнаны, фойени, спорт залдарын жана окуу кабинеттерин толук жаңыртуу иштери жүргүзүлдү.
Реконструкция жасалгалоо жана инфраструктураны жакшыртуу менен бирге чыгармачылык, спорт жана интеллектиалдык өнүгүүнү колдоого багытталды. Натыйжада борбордо жаштар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
«Сейтек» борборунун жетекчиси Эрик Латыпов бул жаңы мүмкүнчүлүктөр жаштардын таланттарын өнүктүрүүгө зор жардам берерин баса белгиледи.











