Бишкекте өтө турган Octagon 93 турниринин алкагында эки чемпиондук кур талашка түшөт. Бул тууралуу лиганын расмий маалыматында айтылат.
Негизги беттеште кыргызстандык Маресель Нурланбек уулу (16-0) Казакстандын өкүлү Мырзабек Абылай (7-2) менен BMF титулу үчүн беттешет. Бул беттеш кеченин башкы окуясы болот.
Кошумча беттеште жарым жеңил салмактагы чемпиондук кур талашка түшөт. Казакстандык Данияр Онгар (12-3) тажикстандык Муиб Гулобов (9-4) менен беттешет. Бул беттеш 5 раунддан 5 мүнөттөн өтөт.
Кайталанма беттеш
Онгар менен Гулобов буга чейин 25-июлда Octagon 89 турниринде Конаев шаарында беттешкен. Анда казакстандык спортчу бир добуштан жеңишке жеткен. Эми тажикстандык спортчу реванш алууга аракет кылат.










