Бишкек шаарынын борбордук аймагында жайгашкан Nest Bar заведениесинде өрт пайда болду.
Өрт кырсыгы Ахунбаев жана Абая көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Өрттү өчүрүү үчүн өрт өчүрүү кызматынан үч бөлүк жөнөтүлдү.
Азыркы учурда өрттү өчүрүү аракеттери улантылып жатат, жооптуу кызматтар кырсыктын мүнөзүн жана себебин аныктоо иштерин жүргүзүүдө.







