Бишкек шаарында мектептин жанында муниципалдык автобус баланы сүзүп, алган жарааттары оор болуп, баланын көз жумушуна алып келди.

Расмий маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең мененки саат 9да Молодой Гвардии проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишиндеги мектеп №9дун жаныnda болгон.

Жарааттардын кесепетинен 9 жаштагы баланын өмүрү үзүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.