Бишкектеги автобус көлөмүн көбөйтүү планын мэрия жарыялады. Бишкек шаарынын коомдук транспорттук муктаждыгын толук камсыздоо үчүн шаарга кошумча автобустар сатып алуу зарыл экен.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев УТРК менен берген маалыматта, шаардын коомдук транспорт менен толук камсыздандырылышы үчүн 600ден 650го чейин кошумча автобустар керек экендигин айткан. Ал мурда шаар 1 600 автобус сатып алганын, бирок бул сан бардык маршруттарды толук камсыздоого жетишсиз экенин белгиледи.

Жунушалиевдин айтымыша, автобус көлөмүн болжол менен 2,5 миңге чейин жеткирсе, бардык маршруттарды толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот.