Бишкек шаардык мэриясы шаардын өнүгүшүн жана трансформациясын чагылдырган жаңы видеону жарыялады. Видеодо борбор калаанын акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөрү кеңири көрсөтүлгөн.
Бул видеоматериал Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине карата Бишкектин кандай өзгөрүп жатканын көрсөтүү максатында даярдалган. Анда шаардын инфраструктуралык жактан жакшырганына басым жасалган.
Мэриянын маалыматы боюнча, видео шаардык жашоонун бардык тармактарындагы оң өзгөрүүлөрдү визуалдык түрдө жеткирүүгө багытталган. Анын максаты – жарандарга жана конокторго Бишкектин динамикалык өнүгүүсүн көрсөтүү.




