Беларусиянын тышкы иштер министри Максим Рыженков 2026-жылдын 22-23-июлунда Кыргыз Республикасынын расмий чакыруусу менен Бишкекке келмекчи.

Министрлердин жолугушуусу кыргыз-беларус кызматташтыгынын актуалдуу темаларына жана келечектеги өнүгүү багыттарына арналат. Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелер талкууланат.