Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар иштеринин башчысы Бакай Кожомкул уулу жаштар коомдун жардамга муктаж катмары эмес, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү негизги өнөктөш жана күч деген оюн айтты.
Ал жаштар үчүн сапаттуу билим алуусу, ишкерликти өнүктүрүүсү, чыгармачылык жана коомдук демилгелерди ишке ашыруусу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн белгиледи. Мамлекет жаштардан позитивдүү өзгөрүүлөрдү күтүп турат.
Бишкекте жыл сайын белгиленчү Эл аралык жаштар күнү менен байланыштуу уюштурулган фестивалга Борбор Азиядан келген активдүү жаш лидерлер катышууда. Иш-чарада жаштарды лидерлик сапаттарын, робототехника жана IT жааттарын өнүктүрүү боюнча адистер кеңеш берет.
Бакай Кожомкул уулу жаштар энергия, билим, чыгармачылык потенциал жана мамлекеттин келечегине болгон ишенимдин башкы булагы экенин баса белгиледи. Бул фестивальде болжол менен 2 миңге жакын жаштар катышат.
Иш-чаранын максаты — жаштарга пайдубалдуу билим берүү жана аларга оң эмоциялар тартуулоо. Ошондой эле бул жыйналыш жаштардын көз-караштарын жана тажрыйбаларын бөлүшүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.












