АКШнын бир катар сенаторлору Орусиядан энергия ресурстарын сатып алган өлкөлөргө каршы жаңы чараларды сунушташты. Алардын демилгесине ылайык, Орусиянын мунайы, табигый газы жана уран сатып алынган импортко 500%дан ашык бажы салыгы салынат.

Мыйзам долбоору президент Дональд Трамптын администрациясы менен макулдашылган жана жакын арада Конгресске сунушталат. Эгер кабыл алынса, ал Россия менен бизнес жүргүзгөн жана санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген өлкөлөргө карата күчүнө кирет.

Сенатор Линдси Грэм Киевде болуп жаткан учурунда, АКШнын бул демилгеси Орусияны басымга алуу жана Украинадагы согушту токтотуу үчүн президентке жаңы курал берет деп билдирди. Бирок мыйзам расмий түрдө Конгресстен өткөндөн кийин гана күчүнө кирет.