Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте XI Эл аралык бий олимпиадасы ийгиликтүү өттү. Бул иш-чара 5-7-июнь күндөрү болуп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мыкты бийчилер жана командалар чогулду. Олимпиада бий искусствосунун ар түрдүү багыттарында өз өнөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген чоң маданий-спорттук платформа болуп калды.
Иш-чарада Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга ийгилик каалады.
Олимпиада программасына төмөнкү иш-чаралар кирди:
– Борбордук Азия чемпионаты (бардык бий багыттары боюнча);
– “ВЕРШИНА” фестивалы (баалоо форматы жок);
– Азия чемпионаты спорттук мажореткалар жана батон-твирлинг боюнча;
– “KYRGYZSTAN OPEN” чир спортунун эл аралык турнири;
– Бишкек шаарында чир спортунун чемпионаты жана биринчилиги.
Олимпиадада 100дөн ашык дисциплина көрсөтүлдү, анын ичинде хип-хоп, K-pop, чыгыш, болливуд жана улуттук бийлер бар. Иш-чарага 3 жаштан 100 жашка чейинки катышуучулар катышты.
Соревнованиянын жыйынтыгы боюнча мыкты катышуучулар жана командалар аныкталып, атайын номинациялар жана сыйлыктар менен сыйланды. Бул иш-чара эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бий искусствосун жайылтууга багытталган.