Джамиля Джаманбаева Бишкектин ГУВДсынын атайын кабыл алуучу жайында санитардык нормалардын бузулушун аныктады

Бишкек шаарындагы атайын кабыл алуучу жайда 10-апрелде акыйкатчы Джамиля Джаманбаева мониторинг жүргүздү. Аталган жайда 24 камерада 53 эркек жана 3 аял кармалууда. Акыйкатчы кармалгандар менен сүйлөшүп, алар санитардык-гигиеналык шарттардын начардыгына нааразы болушкан. Алардын айтымында, санитардык түтүктөр убагында тазаланбайт, бул болсо камераларда жаман жыттын пайда болушуна алып келет. Ошондой эле, кармалгандарга сабын жана туалет кагазы берилбейт.

Джамиля Джаманбаева атайын кабыл алуучу жайдын жетекчисине камераларды убагында санитардык тазалоо жана кармалгандарга бардык керектүү гигиеналык каражаттарды берүү боюнча сунуштарын берди. “Элементардык шарттардын жоктугу жана гигиеналык каражаттардын жетишсиздиги – бул техникалык кемчилик эмес, адам укуктарын, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана эл аралык келишимдерде бекитилген укуктарды бузуу коркунучу”, – деди ал.

Мындан тышкары, акыйкатчы мажбурлоо чаралары адамдын ар-намысын тебелебестен жана катаал мамиле кылбай жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Ал улуттук алдын алуу механизминин мажбурлоо жайларын системалуу мониторинг жүргүзүүнү уланта турганын, эгерде аныкталган бузулуулар жоюлбаса, мыйзамда каралган чаралар, анын ичинде жооп кайтаруу актылары жана компетенттүү органдарга кайрылуулар колдонулушу мүмкүн экенин эскертти.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген