130дан ашык кыргызстандык Түштүк Кореядан пенсиялык жыйынтыктарын алышты

Кыргызстандык жарандар, Түштүк Кореяда расмий жумушка орношуп, пенсиялык төлөмдөрүн төлөгөндөр, өлкөгө кайтып келгенде өзүнүн чогулткан акчаларын бир жолку төлөм катары ала алышат. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда Кореянын Улуттук пенсиялык кызматы (NPS) тарабынан төлөм алган жарандардын саны 139 адамды түзөт. Алардын ичинен 96 адамга төлөмдөр жүргүзүлдү, ал эми 43 адамдын маселеси чечилүүдө. Орточо бир жолку төлөмдүн суммасы 3642 долларды түзөт. Бул чара, чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын эмгек укуктарын коргоого жана Түштүк Кореяда расмий жумушка орношуу учурунда чогултулган пенсиялык акчаларды ачык-айкын кайтарууга багытталган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген