Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Дүйнөлүк күрөштө Кыргызстанга алгачкы жолу алтын медаль алып келген Айсулуу

Дүйнөлүк күрөштө Кыргызстанга алгачкы жолу алтын медаль алып келген Айсулуу

27 сен 2019, 15:25    bishkek


Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова маўдай тери, талыкпаган эмгеги менен тарыхый жеўишти багындырып, дүйнөлүк чемпионаттан алтын медаль тагынып кайтты. Бул окуя жалпы Кыргызстандыктарга чоў кубаныч тартуулап, бүткүл журтубуздун маанайын көтөрдү. Социалдык түйүндөрдө куттуктоолор тынбай жазылып, бүгүнкү күнгө чейин эл ичинде сүйүнүчтүн сезими таркай элек.


Дүйнөлүк чемпионат


Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Айсулуу Тыныбекова финалдык беттешке чейин төрт беттеш өткөрдү. Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеўсе, 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге тийгизип, таза жеўишке жетти. Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде талпагын ташка жайды. Ошентип, жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды. Андан соў, жарым финалда түндүк кореялык Жоў Сим Римди 7:0 эсебинде жеўип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болду. Финалдык күрөштө болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, беттештин биринчи айлампасында Тыныбекова 2:1 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи айлампа ортолоп калганда Айсулуу дагы бир упайга ээ болуп, бирок соў болгариялык балбандын эсебине эки упай жазылганда, эсеп теўеле түштү. Беттештин бүтөрүнө 20 секунд калганда Айсулуу упай алууга болгон аракетин көрүп, 10 секунд ичинде эки упайлык ыкма жасоо менен алтын байгенин ээси болду.


Күчтүү атаандаш


Айсулуу финалда жеўип алган болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин өтө күчтүү, тажрыйбалуу атаандаш эле. Жашы 28де. Ал 2018-жылы дүйнөнүн чемпиону болуп, алтын тагынган. Европа чемпиондугун эки жолу жеўген. Андан сырткары дүйнө чемпионатында эки күмүш, эки коло медал тагынган. Ошондой деўгээлдеги балбанды оўкосунан сайып, далысын жер жыттатыш оўой иш эмес экенин билебиз. Бирок, Жаўыл Мырза, Кыз Сайкал сындуу кыргыздын намысына жаралган Айсулуу эки айлантпай эбин таап, ай-буйга келтирбей эсебин чыгарып койду. Айта кетсек, Айсулуу Тыныбекова атаандашынан эки жаш кичүү, 26 жашта. 16 жашынан баштап машыгып, 10 жылдын ичинде эў чоў ийгиликти багындырып, Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеўген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу болуп калды. Тарыхый саамалыкты жасап, жалпы кыргыз үчүн чоў сыймыкты жана кыргыз кыздары үчүн эў бийик стимулду жарата алды.


Талыкпаган эмгек


Албетте, дүйнөлүк гана эмес, жөнөкөй жеўиш да жөн жерден келбейт. Ага талыкпаган эмгек, кажыбас кайрат керек, маўдай тер төгүлүшү шарт. Муну Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков да баса белгилеп, аталган жеўиши тынымсыз машыгуунун үзүрү экенин билдирди. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу өз сөзүндө: «Дүйнөлүк деўгээлдеги мелдеште Айсулуу Тыныбекованын кыз-келиндер арасында биринчиликти багындырганы - он жылдык талыкпаган эмгектин үзүрү. Маўдай терибиздин мээнети акталып, кубанычыбыз коюнга батпай турабыз. Күйөрмандарга чоў ыраазычылык билдиребиз. Биз ушул алтынды 10 жыл бою күткөнбүз. Айсулуу менен талыкпай эмгектенип, алтынга жетебиз деп эўседик эле, мына бүгүн жеттик. Биз үчүн абдан эле кубанычтуу болду. Бул кыргыз жарандарынын салыгынан келген каражатка турган алтын. Биз кыргыз элине, мамлекетибизге, жарандарга алкыш айтабыз» деди.


Жеўишти куттуктоо


Айсулуу жеўери менен Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк чемпионаттагы жеўиши менен куттуктап, бүт кыргыз эли Дүйнөлүк чемпионаттагы ата-мекендик спортчулардын мелдештерин кызыгуу менен көрүп, ар бир жеўишти чоў кубаныч менен кабыл алганын айтты. Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында алгачкы жолу аялдар күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону болгонун баса белгилеп, анын жеўиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин билдирди. Андан сырткары, Сооронбай Жээнбеков Таластагы Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарында дагы Айсулуу Тыныбековага токтолуп, өзүнүн жеўиши менен кыргызстандыктарга белек тартуулаганын кошумчалады. Балбан кыз Бишкекке учуп келери менен «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жогорку Кеўештин депутаты Динара Исаева жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты.


Олимпиадага даярдык


Тыныбекова ал жерде: «Мен элиме Олимпиадада алтын алам деп сөз бергем. Ошол убадамды аткарып, ушундай эле күжүрмөн даярдык көрөбүз. Эч кандай интервью бербей машыгам. Бишкекке келип ого бетер толкунданып жатам. Нур-Султандагы сезимдер таркай элек» деди. Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев: «Дүйнө чемпионатындагы Айсулуунун алтын медалы – бул кыргыз спортундагы чон ийгилик. Олимпиадалык спорттун 29 түрүнөн эгемендүү мамлекет болгондон бери биринчи жолу алтын алдык. Мындан кийин биздин балбан кыздар келечекте чоў-чоў ийгиликтерди багындырат деп ойлойм. Бул жалпы эле федерациядагы жамааттын, команданын, күйөрмандардын ийгилиги. Эми Айсулууну келерки жылы Жапонияда өтө турган жайкы Олимп оюндарында чоў ийгилик күтүп турат деп ишенебиз» деди.


Президент Сооронбай Жээнбековдон белек


2 күн мурун жагымдуу кабар угулуп, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үч бөлмөлүү батир белек кылды. Машыктыруучусуна болсо акчалай сыйлык, ал эми Тыныбекованын ата-энесине президенттин энчилүү сааты тапшырылды. Президент Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы жеўиши менен дагы бир ирет куттуктап, Кыргызстандын эгемендик алгандан берки тарыхында алгачкы ирет кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгонун, анын жеўиши - бүт өлкө үчүн сыймык экенин баса белгиледи.


Памир Манас


Айсулуу Тыныбекованын жетишкендиктери:


2010-жылы аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль утуп, жаштар арасында Азиянын чемпиону болгон;

2012-жылы Лондон Олимпиадасынын катышуучусу. Эл аралык турнирлерде бир нече жолу утушка жетишкен;

2013-жылы Азия чемпионатынын коло медалынын ээси. Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк студенттик олимпиадада коло медалга татыган;

2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн XIV Азия оюндарынын коло медалын алган;

2015-жылы Россияда өткөн Олимпиада чемпиону Иван Ярыгин мелдешинин күмүш байгесин алган;

2014-2015-жылдары Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон;

2016-жылы Таиланддын борбору Бангкок шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон;

2016-жылы өткөрүлгөн жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу;

Швецияда өткөн Klippan Lady Open 2017 турниринде жараатына карабай күмүш медаль тагынып, дүйнөдөгү алдыўкы беш спортчунун төртүнчүсү деп аныкталган.

2017-жылы Түркмөнстандын борборунда өткөн V Азия оюндарында күмүш медалга ээ болгон;

2018-жылы Индонезиянын Жакарта өткөн жайкы Азия оюндарында күмүш медаль тагынган; (Бирок, кечээ Жакартада Айсулууну жеўип алтын медаль тагынган Монголиялык балбан Орхон Пуревдорждун канынан кызытма табылгандыктан, тиешелүү комиссиянын чечими менен алтын медаль Айсулуу Тыныбековга ыйгарылаары белгилүү болду.)

2019-жылы Франциянын Ницце шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык Henri Deglane Challenge-2019 турниринде алтын медаль алган;

Машыктыруучулары — КРдин эмгек сиўирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана Түгөлбай Базакечов.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив