Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Кыргыз Алыш күрөшүнүн балбандары дүйнөнү багындырды

Кыргыз Алыш күрөшүнүн балбандары дүйнөнү багындырды

13 сен 2019, 11:07    bishkek

Бул жуманын башталышы кыргыз спортунда, ошондой эле жалпы Алыш күрөшүнүн күйөрмандарынын арасында чоң майрам менен башталды. Анткени Кореяда өткөн бүткүл дүйнөлүк күрөш искусствосу боюнча мелдеште спорттун Алыш бел боо күрөш түрүнөн биздин спортчулар ийгиликтерди багындырды. Буга чейин дагы бир нече мелдештерде алдыңкы намысты бербей, өлкөнүн туусун көтөргөн азаматтар чогулган федерациянын ички тартиби, жеңиштин даамы, алдыдагы пландары жөнүндө макала сунуш кылабыз.


Акылбек Эшимов, Улуттук Алыш күрөш федерациясынын президенти: “Алыш күрөшүн улуттук спорттун лидери десек болот”


--Акылбек Жусупович, кечээ жакында Корея мамлекетинен ийгиликтүү кайтып келиптирсиздер. Көптөн күткөн жеңишти майрамдап жатасыздарбы?

--Бул турнир Кореянын Чунгджу шаарында 2-сентябрда өттү. Эки машыктыруучу, алты спортчу, өзүм федерациянын президенти катары барып келдим. Негизи спортчуларды коштоп барууга убакытым бар болчу. Анткени жумушумдан эмгек өргүүгө чыккам. Өргүүм абдан жемиштүү ийгиликтүү, кубанычтуу болду деп эсептейм. Башкаларга билинбеши мүмкүн бирок, мелдештин деңгээли олимпиаданын деңгээлинен кийинки эле спорт оюну болуп эсептелет. Жалпысынан 100 мамлекеттин спортчулары катышты. Алыш күрөшүнөн болсо 30 мамлекеттен балбандар келишти. Биздин балдар мыкты даярданышкан экен, командалык эсепте биринчи орунга ээ болдук. Спортчулардын ичинен 55 килограмм салмактагылар арасында Момунжанова Элзада 3-орун, 65 килограмм салмактагылардан Бактыяр кызы Нурзат 2-орун, 65 килограммдан жогорку салмактагылар арасында Сарбашова Нагира 1-орун, 70 килограммдагылар арасында Сексенбаев Элдияр 3-орун, 80 килограмм салмактагылар арасында Шаршеналы уулу Мадаминбек 1-орун, ошондой эле 80 килограммдан жогорку салмактагылар арасында Абдурахимов Камолиддин 2-орунду ээледи. Демек бул зор жетишкендик деп эсептейбиз.


--Оор атаандаш кайсыл өлкө болду?

--Беш жылдан бери түркмөн балбандарды жеңе албай келе жатканбыз. Эсиңиздерде болсо Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарында дагы түркмөн жигиттерге утулуп калганбыз. Мындан сырткары Монголия, Өзбекстан, Иран сыяктуу чоң мамлекеттин балбандары аябай күчтүү атаандаштар. Мусулман өлкөлөрүнүн тартиптерине Алыш күрөшүнүн ыкмаларын туура келет экен. Андыктан өтө ылдамдык менен жайылууда. Алыш күрөшү кыргыз улуттук күрөш болгону менен эл аралык аренада абдан катуу таймаш болууда. Мунусунда деле мелдеш оор өттү. Биздин балбандарга Кудай кубат берип жеўиштерге жетишти. Абдан кубанычтамын.


--Финалдык күрөштү көрүп жатканда катуу күйөрмандык кылсаңыз керек...

--Ананчы, Кудайга миң жолу жалынып, намысыбызды коргоп жаткан балбан эскертүү алып калбаса, калпыстык болуп кетпесе деп санаа тартып жаттык. Бакырып-кыйкырып колдоп турдук дегендей. Ал жерде эмоцияңды башкара албай каласың. Бизди туура эле түшүнүп, айрым учурларда эскертүү да берип жатышты. Бул жеңишти көптөн бери күткөнбүз. Мындай мелдешке жакшы катышып келсек болду деп барганбыз. Себеби даярдыгыбыз начарыраак болуп калган. Мамлекет тарабынан көңүл буруу аябай начар болду. Мындай мелдештерге башкача көңүл бурулушу керек эле. Бир нече жолу кайрылып көрдүк. Жообу бизди канааттандырган жок.


--Спортчуларды каржылоону федерация өзү мойнуна алабы?

--Баардык кем карчты өзүбүз эле мойнубузга алабыз. Вице-президентибиз Рустамбек уулу Советбек деген жигит каржы жактан көп жардам берди. Өзүңүздөр билесиздер, ал жигит Алышты гана эмес волейболду да колдоп, кайрымдуулук иштерди көп жасап жүрөт. Чолпон Алыевна деле карап турбайт. Баяман уулу Адилет жардам берген жагынан эң алдыда турат. Ал жогорку окуу жайын бүтүп келген соң прокуратурага ишке кирген. Бирок кийин атасынан калган ишти улантам деп улуттук олимпиада комитетине ишке кирди. Биз менен тыгыз байланышып активдүү иштеп жатат. Өзүм дагы карап турбай буга чейин жардам берип келгем, мындан кийин да каражатымды аябайм. Баарыбыз эле Алышты олимпиада оюндарынын тизмесине киргизип алсак деген аракеттин үстүндө жүрөбүз.


--Олимпиаданын тизмесине киргизүүгө бир гана Кыргызстан эмес, жалпы Алыш күрөшүн колдогон өлкөлөр да аракет кылса, жыйынтыгы жакшы жагына чечилсе керек?

--Алыш шарият талаптарына жооп бергидей балбан кыйналбаган, канжалабаган кооз күрөш болгондуктан ислам мыйзамдары менен жашаган өлкөлөр күрөштүн олимпиадага киришине аябай кызыктар болуп жүрүшөт. Келе жаткан жылы Түркиядагы көчмөндөр оюну өтөт. Буюрса, Алыш күрөшүнөн күрөшөм деп көп мамлекеттен балбандар келет. Жакында Нур-Султан шаарында Алыш күрөшүнүн дүйнөлүк биринчилиги болот. Учурда спортчулар ушул эки мелдешке даярданып башташты. Жеңишти колдон чыгарбай, Кореядагыдай жетишкендиктер болсо экен деп дуба кылып жатабыз.


--Эгер жашыруун болбосо айтсаңыз, федерациянын ичинен жеңишке жетишкен спортчуларга кандай сыйлыктар берилди?

-- Негизи мелдешке кетип жатканда эле стимул болуш үчүн спортчуга “алтын медаль алсаң баланча байге берилет” деп айтып баштайбыз. Буюрса булар да кымбат белектерди алышты. Буга чейин да алып жүрүшкөн. Эмне белек экенин айтпай эле коёюн, анын зарылдыгы жок.


--Федерацияга президент болуп келээрде ушул ийгиликтер болот деп ойлодуңуз беле?

--Ооба, мен президент болгончо федерацияда вице-президент болуп иштегем. Өзүм туулуп өскөн Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн борборуна 3 миң орундуу “Айдос спорт ордосу” деп спорттук жай кургам. Айдос менин бейиши болгур ыраматылык уулумдун аты . Эки-үч жолу 1-июнь күнү мелдеш өткөргөнбүз. 1-июнь күнүн тандап алганыбыздын да себеби бар. Анткени ал күн балдардын Эл аралык майрамы эмеспи. Андан кийин үч-төрт жылдан бери орозо убагына туш келип, өткөргөн жокмун. Буюрса 2020-жылдан баштап, Эл аралык деңгээлде ондон ашык өлкөдөн балбандарды чакырып, президенттин кубогуна арналган мелдешти өткөрүп баштайм.


--Алыш кыргыздардын күрөшү деп улам кайталап жатасыз. Күрөш учурунда эскертүүлөр кыргызча берилеби?

--Алыш күрөшү кыргыз элине Кудай тарабынан берилген белек деп ойлойм. Деги эле Алыш күрөшү улуттук оюндардын лидери, ошол эле учурда дүйнөлүк спорттун дагы лидерине айланып келе жатканын кубануу менен белгилеп айтам. Себеби дүйнөлүк аренада эң көп спортчулар тартылып, күн сайын бул күрөшкө кызыккан өлкөлөрдүн, спортчулардын саны көбөйүп бара жатат. 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда башка спорттун түрлөрүнө беш алтыдан спортчу келсе, биздин Алышка 50дөн ашык спортчу келген. Бул да болсо Алыштын спорттук оюндардын эң мыктысы экендигин далилдейт. Бүт дүйнө эли биздин күрөшкө кызыгып жатышат. Кайсыл гана улуттун өкүлү калыс болбосун упай берээрде «таза» деп айтат. Америкадан бери келген балбандар муну дароо түшүнөт. Жада калса мелдешти баштап жатканда «Алыш» деп айтылса сөзсүз толкунданасың. Буюрса улуттук деңгээлде көңүл бурулса, олимпиаданын түрүнө кирсе көңүл бурулуп, бүт дүйнө бизге суктанаарына ишенем. Мен билгенден бул спортту президентибиз Сооронбай Шарипович, өкмөт башчы дагы абдан жакшы көрүп, жогору баалайт. Президентибиз єзү Өкмөт башчы кезинде дайыма колдоо көрсөтүп жардам берип турчу. Демек мамлекет тарабынан алдыда көңүл буруулар жакшы болот деген үмүтүм бар.


Мирбек Карабаев, Алыш бел-боо күрөшүнүн курама командасынын башкы машыктыруучусу: “Алыш күрөшү дүйнөгө өтө ылдамдык менен тарап жатат”


--Мирбек мырза, Алыш күрөш федерациясына качан келгенсиз?

--Алыш күрөшү баарыўыздарга маалым, бизде улуттук күрөш. Той-аштарда сөзсүз күрөш берїї салтта бар. Ошондуктан кичинемден баштап эле айылда күрөшчүмүн. Алыш жаракат албай турган спорттун түрү болгондуктан түштүктө аксакалдардан бери күрөшө беришет. Алыштын дүйнөгө кеңири тарап жатканынын бир себеби дагы ушул деп ойлойм. Өзгөчө кыз-келиндер арасында кызыгуу өтө чоң болууда. Формасы дагы денени жаап турат, элдин астына чыкканга ыңгайлуу.


--Башкы машыктыруучу болуп канча жылдан бери иштеп жатасыз?

--Башкы машыктыруучу катары 2017-жылы дайындалгам. Курама командада 24 спортчу бар. Алардын баары Бишкекте жашабайт. Аймактарда жашап, ошол жактан машыгышат. Окуу, машыгуу убактыларында жана чоң мелдештердин астында гана баарын чогултабыз.


--Кыргызстанда спорттун кайсыл гана түрү болбосун эң чоң көйгөй бул зал. Зал маселеси жокпу?

--Башка федерациялар сыяктуу эле, бизде деле зал жетишпейт. Ар кайсыл жерге көчүп балбандарды машыктырып жүрөбүз.


--Кореядагы жеңишке жетишкендеги эмоциялар менен бөлүшө кетпейсиздерби?

--Аны сөз менен жеткире албайм. Килемдин үстүнө күрөшүп аткан балбандан да машыктыруучу толкунданып күйөрмандык кылат. Ушунча кыргыз эли биздин жеңишти күтүп жатса, кантип жөн карап турасың. Спортчуларыбыз бул сапар мыкты даярданганы менен атаандаш балбандар оңой эмес болчу. Көп өлкөдөн келип, машыгуусун жогорку деңгээлде, каржыланганы мыкты өлкөнүн атуулдары эле. Бул деген Алыш күрөшүнүн дүйнөгө өтө ылдамдык менен тарап жатканынын белгиси.


--Спортчуларды килемге кантип даярдайсыз?

--Ар бир спортчунун өзүнүн психологиясына жараша мамиле жасайбыз. Айрымдарына катуу айтууга туура келет. Башкаларына болсо атаандаштарын көрсөтүп “сенден алсыз экен көрдүңбү? Жеңишке жетишишиң керек” деп далысынан таптап чыгарабыз. Азырынча өзүбүз психолог, доктур болууга туура келүүдө. Бир эле спортчуну жеңишке жеткирүү машыктыруудан гана көз каранды эмес. Федерацияда колдоп, каржылап турган адамдар бар. Алардын эмгегисиз эч нерсе кыла албайбыз. Аларга учурдан пайдаланып ыраазычылык билдиргим келет. Бизди каражат издетпей, алаксытпай баардык маселени өз убагында жеринде чечип жатышты.



Нагира Сарбашова, спортчу: “Сербиялык атаандашымды жеңдим”


--Былтыр Кыргызстанда көчмөндөр оюну өткөндө сербиялык кызга утулуп, аябай ызаланып калгам. Барганда алгачкы килемге ошол атаандашыма туш болуп калдым. Анан аябай аракет кылып жеңишке жеттим. Ал кыз оңой атаандаш эмес болчу. Бирок килемде каалагандай көтөрүп чаап, жыргадым. Биринчи күнкү биринчи беттеште айтып өткөн сербиялык кыз, экинчи беттеште түрк балбанын, финалда болсо польшалык айым менен күрөшүп, аларды жеңип, алтын медаль тагындым. Экинчи күнкү беттеште биринчи кореялык балбан айымга, экинчи казак кызга, үчүнчү сербиялык кызга туш болуп баарын жеңип, дагы алтын медаль алдым. Уулум кичинекей, анын үстүнө эмчек эмчү. Биз Кореяда тогуз күн жүргөндө куса болуп жаман болуптур. Мен андан өтүп кыйналып, ушул мелдешти жеңсем эле уулума жетем деп абдан аракеттендим.


Баян Кулова


" Де - Факто"

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив