Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Жогорку окуу жайларынын окутуучулары арасында волейбол боюнча таймаш өтүүдө

Жогорку окуу жайларынын окутуучулары арасында волейбол боюнча таймаш өтүүдө

03 май 2019, 11:53    bishkek
Бүгүн, 3-майда Ош шаарында жогорку окуу жайларынын 40 жаштан өткөн курактагы айым окутуучулары арасында волейбол оюну боюнча таймаш өткөрүлүүдө. Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева тарабынан демилгеленген "Дени сак аял - дени сак улут" аталышындагы бул спорттук иш-чарага Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жогорку окуу жайларынан келген алты тайпа катышууда.


Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Төраганын орун басары Аида Касымалиева ар бир жаран спорт каалаган түрү менен машыгып, ден-соолугун чыӊдоосу керектигин белгилеп, бул жаатта агартуучу айымдар башкалар үчүн үлгө болуусу зарыл деди.
"Иш-чаранын негизги максаты жарандарды саламат жашоого үндөө жана университеттер аралык байланышты арттыруу.  Айрыкча, бир үйдүн куту болгон аялзаты, келечек ээлерин тарбиялаган, коомдогу туруктуулук менен ийгиликтин баштоочусу экенин унутпашыбыз керек. Андыктан, айымдарды спорттук иш-чараларга тартып, алардын жигердүү катышуусун камсыздоо менен биз келечек ээлерин тарбиялап өстүргөн энелердин саламаттыгын чыӊдай алабыз", - деп кошумчалады Аида Касымалиева.
Ошондой эле демилгени колдоп, жигердүү катышып жаткан агартуучуларга ыраазычылык билдирип, таймаштын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Андан тышкары, Ош шаардык аялдар кеӊешинин төрайымы Химия Сүйөркулова жылдан-жылга бул таймаштарга кызыккан окуу жайлардын санынын өсүшү жакшы көрүнүш экенин белгилеп, демилгени жайылтуу зарылчылыгын кошумчалады.
Ал эми оюндун катышуучулары бул спорттук мелдеш окутуучулар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө, кызматташтыкты жакшыртууга өбөлгө болуп жатканына токтолушту.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Ош шаарында иш сапар менен жүрөт. Сапардын алкагында бир катар социалдык мекемелердин абалы менен таанышып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив