Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Көкпар эрежесин киргиздик! Казакстан кыргыз тараптын сынын кандай кабыл алды

Көкпар эрежесин киргиздик! Казакстан кыргыз тараптын сынын кандай кабыл алды

19 фев 2019, 15:02    bishkek
Кыргыз тарап көкпар оюну эл аралык эреже катары кабыл алынышына каршы экенин билдирип, андай оюндарга катышуудан баш тартарын айткан.
Казакстандын Көкпар федерациясынын президенти Мухтархан Дильдабеков көк бөрүгө киргизилген эл аралык эреже тууралуу кыргыз тараптын сынына жооп берди.
Белгилей кетсек, 14-февралда Астанада Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өткөн. Анда тай казансыз, муляж менен ойноого ыктаган көкпар оюнунун эл аралык эрежеси кабыл алынган. Ал отурумга Кыргызстандан расмий өкүл барган эмес. Бирок кыргыз тарап ал бекитилген эрежеге каршы экенин билдирип, андай оюндарга катышуудан баш тартарын айткан.Ал эми Казакстандын Көкпар федерациясынын президенти эмнеге мындай эреже кабыл алынганына түшүндүрмө берген.
"Биз 15-20 жылдан бери тай казан менен ойноп келдик. Эми жаңы эрежелер кабыл алынды, тай казандын ордуна тегерек чийин колдонулат. Ошондой эле жаныбарларды коргоо боюнча эл аралык уюмдун талаптарын колдоп муляж тартуу чечилди", — деп айткан Дильдабеков.
Аталган отурумга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Россия жана Афганистан болуп тогуз өлкө катышкан. Көкпардын эрежесин 8 өлкө колдоп, бир гана Россия арсар пикирин билдирген.
Көкпар көк бөрүдөн эмнеси менен айырмаланат? Эрежелерди салыштырып көрүү үчүн бул жакка баш багыңыз. 
Булак: Спутник 


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив